|
Исполнение завещания
|
|
КЕРЭЭЗДИ АТКАРУУ – керээз ээси К. а-ну мураскер болуп саналбаган жакка (керээзди аткаруучуга) тапшыруусу мүмкүн. Мындай жактын керээзди аткарууга макулдугу керээздин өзүндө же ага тиркелген арызда өз колу менен жазылууга тийиш. Мураскерлер өзара макулдашуу боюнча, мураскерлердин бирине же башка жакка К. а-ну тапшырууга акысы бар. Эгер мындай макулдашууга жетише алышпаса, бир же бирнече мураскердин талабы боюнча керээзди аткаруучу сот тарабынан дайындалат.
|